Марал Радиосу

Кара-Кулжада кыз ала качууга шектелгендер кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кыз ала качууга шектелгендер кармалды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 16:30 чамасында белгисиз адамдар 19 жаштагы Ош шаарынын тургунун Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты катталып, ыкчам аракеттердин жүрүшүндө ала качууга шектелген адамдар кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми унаа айып короосуна киргизилген.