Марал Радиосу

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 8 миңге жакындады

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны акыркы маалыматтар боюнч, 7 миң 864 учурга жетти.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан кабарлашты.

Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.

Кызамык оорусу эң көп Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылууда.