Марал Радиосу

Алиянын өлүмү: Тергөө аяктап, иш сотко өттү

Тиш доктурда каза болгон 3 жашар Алия Кубанычбекованынын иши тергелип сотко өттү. Бул тууралуу наристенинин туугандары “Маралга” билдиришти.

Алиянын өлүмүнө шектүу катары анестиазолог Айнура Туратбекова, Иса Ахунбаев атындагы медакадемиянын медициналык борборунун директору Муратбек Исхаков жана “Дентомакс” медициналык жеке клиниканын жетекчиси Байыш Шамурзаев камакка алынган.

Наристенин жакындары президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевке кайрылып, окуяга тиешеси бар башкаларга да чара көрүп берүүсүн суранган.

2023-жылдын 18-декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Exit mobile version