Марал Радиосу

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, мурда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашат.