Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума мечиттеринде (чоң мечиттерде) окуларын кабарлады.
Айт намаздын программасы:
Саат: 06:15-07:25 баяндар;
Саат: 7:25-7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
Саат: 7:30 орозо айт намазы.
Орозо айт майрамы 10-апрелге туш келди. Быйыл орозо 11-мартта башталган.