Марал Радиосу

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады

Улуттук статистикалык комитет апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасын жарыялады.

Ага ылайык, АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри март айында 70,19 сом болгон, учурда 71,48 сомдон сатылууда.

Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 64,64 сомдон сатылып жатат, март айында 63,25 сомдон болгон.

Мындан тышкары, АИ-80 күйүүчү майынын орточо баасы 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу.

Дизель майынын литри учурда 72,52 сом, март айында 71,52 сом дон сатылган.

Exit mobile version