Дүйшөмбү, 8-апрель иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.
«Беш күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн 22-мартта (жума) белгиленген дем алыш күнүнүн ордуна 8-апрелде (дүйшөмбү) жумуш күнү болот», — деп билдирди мекеме.
Майрам же жумуш эмес майрам күнү дем алыш күндөргө (ишемби, жекшемби) дал келген учурда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
Орозо айт 10-апрелде белгиленет — бул күн дем алыш деп жарыяланган.