Марал Радиосу

Веложүрүштү өткөрүүнүн убактысы жылдырылды

Бишкек шаарында аба ырайына байланыштуу велосезондун ачылышы жылдырылды.

Мэриядан кабарлашкандай, жекшемби, 7-апрелде боло турган веложүрүш 28-апрелде өтөт жана Бишкек шаарынын күнүнө арналат.

Веложүрүштү мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Вело friends позитив kg коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.

29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 146 жыл болот.