Марал Радиосу

ФИФАнын рейтингинде футбол боюнча улуттук курама 100-орунга чыкты

4-апрелде ФИФАнын расмий сайтында футбол боюнча Улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда Кыргызстандын улуттук курамасы 4 позицияга абалын жакшыртып, 100-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1213,6 упай бар.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын зонасында улуттук курама 17-орунду ээлейт.

Буга чейин ФИФАнын 15-февралда жарыялаган рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 100-орундан, 104-орунга ылдый түшкөн. Бул жолу жаңыртылган рейтингде курама команда кайрадан 4 тепкичке жогору көтөрүлө алды.