Марал Радиосу

Бишкекте «Алыш» бел боо күрөшү боюнча Эл аралык турнир өтөт

28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алыш» бел боо күрөшү боюнча “Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Гран-При” аталышындагы Эл аралык мелдеш өтөт.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түрмөнстан, Нидерланд жана Афганистан өлкөлөрүнөн келген 120дөн ашык спортчу катышат. Жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.

Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:

Эркектер арасында (класикалык жана эркин стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг).

Кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.