Марал Радиосу

ТИМ: Стамбулдагы өрттө жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Түркиянын Стамбул шаарындагы көп кабаттуу имаратта чыккан өрттө каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Стамбулдун Бешикташ районундагы турак жайда чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болгонун жергиликтүү бийликке таянып маалымат каражаттары жазды.

Буга чейин Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл 25 адам каза болуп, дагы үчөө оор жараат менен ооруканада жатканын билдирген.

Губернатордун айтымында, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:47де Гайреттепе районундагы (Бешикташтын бир бөлүгү) 16 кабаттуу турак жайдын жер төлөсүндө чыккан.

Masquerade түнкү клубу жер төлөнүн эки кабатында жайгашкан, ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары клубда иштеген курулушчулар.

Бийлик өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат, өрткө тиешеси бар деп сегиз адам, анын ичинде мекеменин жетекчилиги да кармалганын түрк маалымат каражаттары кабарлашты.

Өткөн жекшембиде кайра шайланган Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу өрт болгон жерге келип, каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.

Exit mobile version