Марал Радиосу

Сирияда Ирандын консулдугуна абадан сокку урулуп, генерал каза тапты

Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын консулдугуна абадан сокку урулду. Бул тууралуу Сириянын жана Ирандын маалымат булактары жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча консулдукка жасалган абадан соккудан улам Иран Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун Сирия жана Ливан күчтөрүнүн генералы жана башчысы Мухаммад Риза Захидий каза болгону айтылды. Бул маалыматты Reuters Ливандын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына таянып жазган.

Ирандын маалымат каражаттары окуя жеринде бир канча дипломат да каза болгонун билдирди. Ал эми «Тасним» агенттиги консулдукка жасалган соккуда 5 адам каза тапканын билдирди.

Ал ортодо Иран бийлиги бул кол салууга Израилди айыптады.

ХАМАС тобу 7-октябрда Израилге абадан сокку жасаганда, Сирия менен Иран ХАМАСтын аракетин колдогон.