Марал Радиосу

Орусияда кыргызстандык жаран каза тапты

Орусияда кыргызстандык 50 жаштагы аял   жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.Каргашалуу окуя 29-мартта Челябинск – Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү  жардам көрсөттү.Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралууда .