Марал Радиосу

Бишкек шаарынын негизги жолдору оңдолот

Бишкек мэриясы 6 негизги көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрөт. Анда көпүрө курулуп,темир жол аркылуу 3 жерден жаңы жол ачуу пландалууда. Капиталдык оңдоо жумуштарына тендер жарыяланган.

Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү көздөп жатат:

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Быйыл курулушу мерчемделген көпүрөлөргө келсек, Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрө салынат. Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Долбоор И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.

Андан тышкары, быйыл борбор шаарда Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-Апрель, Ж.Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда.

Маселен, Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Бакаев көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш Гвардия бульвары жана Асаналиев көчөлөрүндөгү унаа тыгынын азайтат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсүндө жол тилкеси жаңыдан салынат. Аталган көчө менен Сүйүмбаев көчөсү ортодогу темир жолдон бириктирилет. 7-Апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө альтернатива пайда болот.