Марал Радиосу

Президент Бишкектеги муниципалдык автобустарды тейлөө борборуна барды

Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкектеги муниципалдык автобустарды оңдоочу тейлөө борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы техникалык кызматкерлердин иштөө шарттары, ошондой эле унааларды каттамга чыгууга даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

Жапаров жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары Жапаров Бишкек ЖЭБине да пландан тышкары барды.

Президент үстүбүздөгү жылдын 2-февралында түзүлгөн штаттан тышкаркы кырдаалдан кийин жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, Бишкек ЖЭБиндеги бардык пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.