Марал Радиосу

Ташиев «Крокус-Ситидеги» теракт боюнча билдирүү жасады

Москвадагы «Крокус Сити Холлдо» болгон теракт боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Кыргызстан андагы болгон окуяга аза күтөрүн жазды.

Ташиев бул окуядан улам Орусияда мигранттарга каршы маанайдын жаралуусуна жол берилбесине үмүт кыларын билдирди.

Ошондой эле ал террорчулардын улуту жок экенин белгиледи.

«Террорчулардын улуту жок жана Орусияда улуттар аралык кастыкты козутууга жана антимигранттык маанайды көтөрүүгө кызыкдар болгон террордук уюмдардын мүчөлөрүн ээрчип, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир элди күнөөлөгөнү туура эмес. Өзүм тараптан Тажикстандын атайын кызматынын чынчыл экенин белгилеп кетейин. Алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшү тынымсыз уланып жатат. Ар бир өлкөнүн жарандары азгыргандардын таасирине кабылып калышы мүмкүн болчу. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын кокустан тандап алган жок», — деп жазды ал.

Ташиев достук мамиледеги өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери «псевдоисламчылардын» кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенет.

22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча камуфляжчан адамдар автоматтан ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында теракт башталган убакта бир канча жарылуунун да үнү угулган. Натыйжада имараттын бир бөлүгүндө өрт чыккан. Өрт учурда толугу менен өчүрүлгөн.

Орус бийлиги муну теракт деп атады.

Соңку маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 144кө, ал эми жараат алгандардын саны 382ге жеткен.