Марал Радиосу

Балыкчыда катуу шамал катталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Шамал 30-март түнү саат 01:50дө катталып, ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен.

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.