Марал Радиосу

Борбор калаада күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте 11-16-апрель күндөрү «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстандын улуттук курама командалары дагы катышат.

Эркин күрөш боюнча команданын тизмеси:

— Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу;
— Сүймөнкул Таабалды уулу – улук машыктыруучу;
— Ислам Тазабек – улук машыктыруучу (U-23).

Грек-рим күрөшү боюнча команданын тизмеси:

— Азат Эркимбаев –башкы машыктыруучу;
— Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
— Арсен Эралиев – улук машыктыручу.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча команданын тизмеси:

— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу;
— Байгазы Кенжебеков улук машыктыруучу.