Марал Радиосу

ӨКМ үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн, эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.