Марал Радиосу

Кыргызстандык Алимардон Шукуров «Торпедо» футбол клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров Беларусиянын Жогорку Лигасында ойноп жаткан «Торпедо-Белаз» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

«Торпедо» Беларусиянын Жогорку Лигасынын 2023-жылдагы оюн сезонунда 12 жолу жеңишке жетип, 13 ирет тең чыгып жана 3 жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээлеген.

Былтыр Алимардон Шукуров «Неман» клубунун курамында 31 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизип, 7 ассист берди.

Шукуров Кыргызстандын улуттук курамасында 2017-жылдын 14-ноябрь айында Макао менен болгон беттеште дебют жасаган. Жалпысынан курама үчүн 29 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген.

2024-жылы Азия Кубогунун даярдыгы учурунда Шукуров жараат алып калгандыктан оюнга чакырылган эмес.