Марал Радиосу

Кызамык менен ооругандар 6,5 миңден ашты

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 6545ке жетти. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Вирус эң көп Бишкек шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталууда.

Март айынын 20сында кызамыктын 6081 учуру катталганын Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифингде билдирген.

Кызамык боюнча эпидемия 2023-жылы болгон, анда 7 миң 46 учур катталган.

Оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби — балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу болууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамык менен күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөттү. Кыргызстанда илдеттин чыгышына каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт.