Марал Радиосу

АКШ элчилиги Ички иштер министрлигине жардам көрсөттү

ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марк Ричардсон менен жолугушту.

АКШ элчилиги милицияга техникалык жардам берди.

Нурбек Жангабылов АКШнын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.