Марал Радиосу

Пара дзюдо боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы  Түркиянын Анталия шаарында өтө турган “Дүйнө Гран-При” Эл аралык мелдешине катышат. Мелдеш 29-март күнү башталып, 2-апрель күнү жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
— 48 кг Фердауза Убакирова;
— 60 кг Темирлан Абдикеримов, Алихан Жумагулов;
— 73 кг Маматибрагим Суранов;
— Байбол Саламат уулу коштоочу-машыктыруучу;
— Айзада Жээналиева коштоочу-машыктыруучу.

Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.