Марал Радиосу

Эртең Бишкектин бир катар райондорунда суу өчөт

Эртең, 28-мартта саат 9:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Мэриянын маалыматына караганда, «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштери жүргүзүлөт.