Марал Радиосу

Шереметьево аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар мекенине жиберилет

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Москвадагы Шереметьево эл аралык аэропортунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди.

26-мартта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери жогоруда аталган аэропортко барып, Орусиянын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана «Аэрофлот» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.

Алар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынган. Учурда 40 кыргызстандык мекенине жөнөтүүнү күтүп жатат.

«Бул жарандар авиакомпаниялардын жакынкы каттамдары менен Кыргыз Республикасына жеткирилет. Бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин көзөмөлүндө турат» , — деп айтылат маалыматта.