Марал Радиосу

Кыргызстандыктарга Орусияга барбай туруу сунушталды

RUSSIA, KRASNOGORSK - MARCH 23, 2024: A view of the Crocus City Hall. On March 22, 2024, unidentified gunmen opened fire before the start of a concert at the Crocus City Hall in the town of Krasnogorsk near Moscow, and set off explosives that started a massive fire in the building. The Russian Investigative Committee reports over 60 people dead, more than 100 wounded. The Islamic State (banned in Russia) claimed responsibility for the attack. Vyacheslav Prokofyev/TASS Россия. Московская область. Красногорск. Здание концертного зала "Крокус сити холл". Неизвестные открыли стрельбу в здании перед началом концерта группы "Пикник", также в здании произошел пожар. По последним данным СК, в результате теракта погибли более 60 человек. Вячеслав Прокофьев/ТАСС

Тышкы иштер мининистрлиги кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууну сунуштады. Мындай чара 22-мартта Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кол салууга байланыштуу кабыл алынды. Учурда Орусиянын бардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлдү.

Сапарын пландаштырып койгон жарандарды Орусияга кирүүгө чектөө бар же жок экендигин алдын ала текшерүү керек.

Орусияда буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандар мамлекеттик чек арадан өтпөй калбашы үчүн  бул өлкөгө барбай туруу керек.

Бул өлкөдө жүргөн мекендештер эл көп топтолгон жайларга баруудан баш тартып, жанында өздүгүн жана Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтерди алып жүрүшү зарыл.

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы Crocus City концерт залында атышуу болуп, өрт чыккан. Залга бир нече адам кирип келип, адамдарга карай ок атып, күйгүзүүчү бомбаларды ыргытышкан.

Тергөө комитетинин акыркы маалыматы боюнча 137 адам каза болсо, анын үчөө жаш бала. Жараат алгандардын саны 187 киши.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган. Кылмышка айыпалгандар кармалган. Алар Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Өлкө президенти Владимир Путиндин айтымында, бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.

Орус бийлиги Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин мигранттарды көзөмөлдөө чараларын күчөтүүнү карап жатат. Бул туурауу РИА Новости маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына таянып билдирди.

«Мигранттардын агымы терроризмден башка маселе, ал акыркы жылдары мамлекеттик органдар тарабынан системалуу түрдө каралып келген. Кеп мигранттардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө болуп жатат », — деп айтылат маалыматта.