Марал Радиосу

Аймактар логопед, дефектолог адистерине муктаж

Дарыгерлер жаш балдар арасында тырышып калуу, талма, аутизм, ДЦП оорулары акыркы учурда көп каталып жаткандыгы тууралуу коңгуроо кагат. Мындан улам Эл аралык жогорку медицина мектеби жергиликтүү дарыгерлердин билимин жогорулатуу максатында эл аралык эксперттерди катышуусунда «Балдарды өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды эрте колдонуу» аталышындагы конфереция өткөрдү. Анда ар кайсы өлкөдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышып, эне-баланын саламаттыгына кам көрүү, майыптыгы бар балдардын төрөлүүсүнүн алдын алуу жолдорун талкууланды.

Эл аралык жогорку медицина мектебинин педиатрия кафедрасынын доценти, педиатр Гүлмира Нажимидинованын айтымында, жаш балдардын смартфондорду колдонуусу балдардын ой-жүгүртүүсүнүн начарлатып, өз оюн айтууда кыйынчылыктар жаралып жатат.

«Азыр жаш балдарга жакшы көңүл бурулбай калды. Азыркы балдардын баары эле смартфон кармап отурат. Телефон аркылуу сүйлөшөт, бирок жандуу, өз оюн толук- кандуу жеткире албайт. Кыргызстанда акыркы учурда майыптыгы бар, аутизм, ДЦПга чалдыккан балдардын саны көп болуууда. Ата-эне канчалык эрте көйгөйлөрдүн алдын алса, ошончо жакшы.  Логопед, дефектолог адистери азыр алтынга тете. Жеке ооруканаларда эле болбосо  райондордо эмес, облустарда да, жок. Ошодуктан мамлекет тарабынан да, көмөк көрсөтүлүүсү кажет».

Талма оорусу — булчуңдардын тырышуусу менен кыска мөөнөткө эс-акылын жоготуу менен мүнөздөлгөн нервологиялык оорулардын бири. Медицина илиминин доктору, педиатр, Румыниядан келген дарыгер Дана Крауддун айтымында дүйнө жүзүдөгү адамдардын бир пайызы эпилепсия менен ооруйт. Дарыгердин айтымында, талма оорусун эрте аныктоо, бир топ тобокелчиликтерден алдын алат. Ошондой эле дары-дармектерди убагында ичип, такай текшерилип туруу менен көп убакытка чейин талманы карматпай журүүгө болот.

«Кыргызстанда талма оорусу менен 7 млн адам болсо анын 1% пайызы жабыркайт. Актуалдуу оорулардын бири деп айтсак болот. Бирок, оору менен азыр күрөшүүдө бир топ жылыштар бар. Мисалы, эпилепсиясы бар адамды дарылоодо, операцияга даярдоодо электроэнцефалография деп аталаган, мээнин функциясын изилдөө ыкмасы аркылууу кайсы бөлүктө оору жайгашканын так аныктоого болот. Бул нерсе албетте сапаттуу дарылоого чоң көмөкчү болот».

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, балдар невропатологу, педиатр, медицина илимдеринин кандидаты, Асель Кадырованын айтымында учурда балдар арасында тырышып, талып калуу өңдүү көйгөйлөр көп кездешүүдө. Бул көйгөйдү чечүүдө ата-энелер дарыгерге эрте кайрылып, оорунун өтүшүп кетүүсүн алдын алса өнөкөт оорулардын саны азаймак дейт.

«Балдарыбыздын өнүгүүсү, ден соолгуу келечегибизге чоң таасир этет. Ошондуктан дыкат көңүл бөлүү зарыл. Азыркы учурда жаш балдарга карата эмдөө, алардын тырышып, талып калуусу тууралуу суроолор абдан көп. Бул көйгөй абдан кеңири таралып жатат. Мен дарыгер катары ата-энелерге балдарын эмдетүүгө чакырам. Бул абдан маанилүү. Илимде окумуштуулар балдарды оорудан алдын алуу жолун изилдеп таап коюшкандан кийин, андан баш тартуунун кереги жок. Бул биздин балдардын дени сак болушу үчүн жасалып жаткан аракет».

Белгилей кетсек, ата-энелер эмдөөдөн баш тарткандын айынан 6 миңден ашуун бала кызамык оорусу менен ооруп, аталаган оорудан улам чарчап калган учурлар да кездешүүдө.

Exit mobile version