Марал Радиосу

«Эне-өргөөсү» соода борборундагы өрт өчүрүлдү

Бишкектеги Чүй проспектисинде жайгашкан «Эне-өргөөсү» соода борборундагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоо саат 10:35те толук өчүрүлдү, аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзөт.

«Ош» базарынын жанындагы «Эне өргөөсү» соода борборунан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы төрт куткаруу  бөлүмү жана штаб тартылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.