Марал Радиосу

ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидромет борбору 25-марттан 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолундагы Чапчыма ашуусуна, Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымына, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга, Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.