Марал Радиосу

Бүгүн Бишкекке жылуулук берүү токтотулат

Бүгүн, 25-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэрия март айына карата аба ырайынын божомолу жана абанын температурасы эске алынганын билдирди.

«Бишкек шаарындагы 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы жөнүндө» буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Ош шаарында 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулган.