Марал Радиосу

Футбол: 26-мартта Кыргызстан — Кытайлык Тайбэй оюну Бишкекте өтөт

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн кечки саат 20:00дө башталат. Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, улуттук кураманын алгачкы машыгуусу өттү.

Командага Гүлжигит Алыкулов, Эрнист Батырканов, Эрбол Атабаев кошулду.

Буга чейин Кыргызстан Кытайлык Тайбэй командасын 2:0 эсебинде утуп алган.

Оюндар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун алкагында өтүүдө.