Марал Радиосу

Бишкектеги соода борборлорунун биринде өрт чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 25-мартта Бишкектин Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан  соода борборунан өрт чыкты.

Тилсиз жоо «Ош» базарынын жанындагы «Эне өргөөсү» соода борборунан чыкканы маалым болду.

Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт куткаруу  бөлүмү жана штаб тартылган.

Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.