Марал Радиосу

Бишкекте кыз-келиндер хоккейи боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүүдө

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат.

24-март күнү мелдештин ачылышы болду, 30-мартка чейин уланат. Анда Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашууда.

Кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу Кыргызстанда биринчи ирет өтүүдө.