Марал Радиосу

«Крокуста каза тапты» делген жигиттин тирүү экени аныкталды, эки кыз изделүүдө

–осси€. ћосковска€ область.  расногорск. «дание концертного зала " рокус сити холл". Ќеизвестные открыли стрельбу в здании перед началом концерта группы "ѕикник", также в здании произошел пожар. ѕо последним данным — , в результате теракта погибли более 60 человек. ¬€чеслав ѕрокофьев/“ј——

«22-марттын кечинде Москва шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залындагы адамдарга кол салуу учурунда каза тапты» делип жаткан жигиттин тирүү экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчилик Шерзодбек Тургунбаевдин туугандары менен байланышка чыгышып, анын «Крокус сити холлдо» иштебегенин, тирүү экенин аныкташкан.

Аны менен катар «Крокус сити холлдо» эмгектенген 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызын издөө уланып жатканы маалымдалды.

Элчиликтин айтымында, медициналык мекемелерди, өлүкканаларды кыдырып чыгышкан. Орусиянын мамлекеттик органдары, кыздардын жакындары менен тыгыз байланышта болушуп, табууга бардык аракеттерди көрүп жатышат.