Марал Радиосу

Бишкектин четине «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жаңы бөлүмү ачылат

Бишкектин четинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы бөлүмү ачылат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Жаңы борбор суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт.

Маалыматка ылайык, мекеме Биримдик-Кут конушунда, айланма жолдун боюнда (Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу) аянты 500 чарчы метр жаңы имарат курулат. Жаңы бөлүм пилоттук долбоор болот. Май айына чейин курулушту бүткөрүү пландалган.