Марал Радиосу

Бишкекте алты айда автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган

Бишкекте акыркы алты айда автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мэриянын маалыматында, акыркы убакта борбор калаада коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыктары көп болууда. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» соңку алты айдагы бардык жол кырсыктарына талдоо жүргүзгөн. Автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 17 (22%) фактыга автобустун айдоочулары, 41 (52%) учурда менчик унаалардын айдоочулары күнөөлүү деп табылган. Дагы 21 (26%) учур техникалык кеңеште каралууда.

“Белгилей кетсек, ишканада жума сайын ички комиссия өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган айдоочуларга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте учурда жаңы сатып алынган 600 автобус кызмат көрсөтөт.