Марал Радиосу

Соклукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган эки жаран 48 саатка камалды

Соклукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган эки жаран 48 саатка камакка алынганын кыздын жакындары «Маралга» билдирди. Алардын айтымында, кызды зордуктап келгендердин саны 10го жетти. Бирок алардын кээ бири Орусияда иштеп жүрсө, айрымдары маалымат коомчулукка чыккандан кийин качып кеткен.

Кыздын жакындары буга чейин милиция кайдыгер мамиле жасап, чар көрбөй койгонуна, окуя тууралуу маалымат чыккандан кийин тергөө башталганына нааразы болушууда.

Кыздын жакындарынын айтымында, буга чейин кордук көрсөтүп келген жарандар кыздын ата-энесин коркутуп келишкен. Ал эми окуя жарыялангандан кийин кордук көрсөтүп келген жарандардын жакындары тарабынан телефон чалуулар, ар кандай сунуштар болуп жатат.

20-мартта кыздын ата-энеси Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

Балдар кыздын үй-бүлөсүн да коркутуп келгени, секелек кыз бул убакытта үч жолу өз жанын кыюууга аракет кылганы айтылды.

Сокулукта 13 жаштагы кызы зордукталып жүргөн ата-эне акыйкатчыга кайрылды

Exit mobile version