Марал Радиосу

Футбол: «Ак шумкарлар» Кытайдын Тайбэй командасы менен ойнойт

21-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен ойнойт.

Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун 3-турунун алкагында өтөт.

Тайбэй командасына каршы оюнда коргоочу Валерий Кичин Кыргызстандын курама командасынын капитаны болот. Кичин жараатынан улам Катарда өткөн Азия кубогуна катыша албай калган.

Оюндун түз алып берүүсү YouTube, «Кыргыз Спорт ТВ» жана «УТРК Спорт» каналдарында жеткиликтүү болот.