Марал Радиосу

Сузакта аткез жүк алып өтүү үчүн казылган тоннель табылды (видео)

Сузак районунда аткез жүк алып өтүү үчүн казылган тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кечээ, 19-мартта УКМК кызматкерлери Сузак районунда мыйзамсыз миграция жана аткезчилик боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Анда Бек-Абад айылындагы үйлөрдүн биринен Өзбекстандан жүк ташуу, жумушчуларды алып келип туруу үчүн казылган тоннель табылган.

Тоннелдин үйдөн түшкөндөгү тереңдиги 15 метр, ички жолдун бийиктиги 1 метр 70 сантиметр, жалпы узундугу 130 метр, анын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга чейинки узундугу 50 метр экени такталган.

Аткезчилик канал уюштурганы үчүн 1986-жылы туулган үй ээси кармалган. Учурда тоннель казууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо, мыйзамсыз кирген товарларды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылды.