Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 6081 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 20-марттагы брифингде билдирди.
Бейтаптардын 80 пайызы балдар, анын ичинде эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ишенапысованын маалыматына караганда, кызамык боюнча эпидемия 2023-жылы болгон, анда 7 миң 46 учур катталган.
«Эң көп Бишкек шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталууда. Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуунун көптүгү себеп болуп жатат», — деди Гүлбара Ишенапысова.
Учурда Министрлер кабинетинде оорунун очогун аныктоо иштери күчөтүлгөнү, кошумча эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Эмдөө календарына өзгөртүү киргизилди – экинчи вакцинаны алуу жашы 6 жаштан 2 жашка жылдырылды.