Марал Радиосу

Орусия полициясы 11 жылдан бери издеп жүргөн адам Бишкектен кармалды

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

2013-жылдын июль айында Орусиянын ички иштер органдары «Москва облусунда кылмыш жасаган» деген шек менен М.А. аттуу адамга издөө жарыялаган.

Бүгүн, 19-мартта айтылган шектүү Face-ID камеранын жардамы менен кармалып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version