Марал Радиосу

Москвада кыргыздардын маданий кечеси болду

Москва шаарында кыргыздардын маданий кечеси болуп өттү. Аны Москва шаарындагы «Надежда» диний уюму уюштурду. Маданий кече менен биргеликте мекендештерге ооз ачыруу иш-чарасы болду. Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин баш консулу Манас Жолдошев, Москва шаарынын муфтийи Ильлар Аляутдинов, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү жана башка улуттардын диаспора өкүлдөрү катышты.

«Надежда» диний уюмунун төрагасы Азат Жолдубаевдин айтымында, мындай саамалыкты «Надежда» диний уюму 14 жылдан бери Москва шаарында уюштуруп келет.