УКМКнын Чек ара кызматына жаңы аскердик-техникалык жабдыктар сатып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 18-мартта кабарлады.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, атайын техника алуу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөнүн айтты.
Аскердик-техникалар чек ара бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.