Марал Радиосу

Мээрим Жуманазарова Париждеги олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт

WW 68kg - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Парижде өтө турган олимпиада оюндарына тандоочу азиялык лицензиялык турнирге катышат.

Балбан кыздар Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке беттешүүсүнүн жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова Нуртаеваны акыркы жасаган аркети менен 2:2 эсебинде жеңди. Соңунда Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду.

Олимпиадага жолдомолор ыйгарыла турган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чейин катыша албай калган.

Кийинки эл аралык мелдештерде 68 кг чейинки салмакта курама команданын дагы бир мүчөсү Нурзат Нуртаева катышып келген.