Марал Радиосу

Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөр түшүрүлөт

Бүгүн, Коргоо министрлигинин артиллериялык отряддарынын жардамы менен Бишкек-Ош унаа жолунда, Төө-Ашуудан Ала-Бел ашуусуна чейин кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Аталган башкармалык трассада убактылуу кыймылга чектөө киргизилерин эскертип, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Кырсык болгон учурда дароо 112 бирдиктүү кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү жеткиликтүү — деп кошумчалады ӨКМ.