Марал Радиосу

Бишкекте жалпы ишембилик 23-мартта башталат

Аба ырайына байланыштуу борбордо жалпы ишембилик 23-мартта өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматты билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.