Марал Радиосу

Улуттук гвардияда окуучуларга ачык эшик күндөрү өткөрүлдү

Коргоо министрлиги билдиргендей, Улуттук гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндө Аламүдүн районунда жайгашкан орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Ага 350 ашуун мектеп окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланды.