Марал Радиосу

Токаев Казакстандын гербин өзгөртүү маселесин көтөрдү

Казакстанда мамлекеттик гербди өзгөртүүгө комиссия түзүлүп, ачык сынак жарыяланат. Бул маалыматты Президент Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын туусунда, гимнинде айып жок. Бирок гербди сындагандар, кабыл алгысы келбей жеригендер жок эмес.

«Мамлекеттик гербибизге карата сын-пикирлер айтылууда. Аны Совет доорундагы гербге окшоштургандар да жок эмес. «Өтө эле татаал, эклетикалык» дешүүдө. Мындай ойду жөн жай активисттер гана эмес, адистер да айтып келишет», — деди Токаев.

Айта кетсек, бүгүн, 15-мартта Казакстандын Атырау шаарында Улуттук курултай өтүп жатат. Анда Касым-Жомарт Токаев өлкөсүндө болуп жаткан бир катар иштер тууралуу баяндама жасады.