Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биричи орунга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк күрөш уюмунун версиясында биринчиге чыкты.

Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мелдештен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекованын аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингде биринчи орунга чыгышына мүмкүнчүлүк берген.