Марал Радиосу

Адамзаттын өнүгүү индекси: Кыргызстан алдыга жылдыбы?

БУУнун Өнүгүү программасы адамдык өнүгүүнүн индексин жарыялады. Анда 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 193 мамлекеттен 117-орунду ээледи. Тагыраагы, бир орун өйдө көтөрүлүп, «жогорку» өнүккөн өлкөлөр тобуна кирди. Буга чейин Кыргызстан «орто» өнүккөн мамлекеттердин категориясында болчу. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын 2022-жылдагы индексине ылайык, Кыргызстан 0,701 упай менен 117-орунду ээледи. Буга чейин 0,692 упайды түзгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Facebook баракчасы аркылуу бул жаңылыкты бөлүшүп, Кыргызстан дүйнөлүк рейтинде «жогорку» өнүккөн өлкөлөр тобуна киргенин кабарлады.

«Кымбаттуу мекендештер! Сүйүнчү! Жаңы эле БУУ Адамзат Өнүгүү индексин жарыялады. 2022-жылдын жыйынтыгы менен биз бир орун өйдө көтөрүлүп, 193 мамлекеттен 117-орунду ээледик. Бирок негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) менен «жогорку» өнүккөн өлкөлөр тобуна кирдик! Буга чейин биз орто өнүккөн мамлекет болчубуз. Бул башталышы эле, албетте, анткени азыр бир жыл мурдагы статистика гана эске алынууда. Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117-орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. «Жакшы болуу аста-аста» дейт эмеспи, ынтымак болсо жергебизде, бай мамлекеттердин катарына кошулуу — өзүбүзгө эле көз каранды».

Адамдын өнүгүү индекси – жыл сайын өлкөлөр арасындагы жашоо-шартын, сабатын, билим берүүсүн, жаш курактын узактыгын эсептөөчү индекс. Бул индекс өлкөлөрдүн деңгээлин салыштыруу үчүн эң керектүү материал.

Экономист Төлөнбек Абдыровдун айтымында, бийликтин өлкөнү өнүктүрүү үчүн жасап жаткан аракеттери ушул темпте уланса, жемиши эки-үч жылда белгилүү болот. Ал мамлекет калктын жашоо-шартына, билим сапатына жана саламаттыгына жетиштүү деңгээлде көңүл бурушу керектигин айтат.

«Бир тепкичке көтөрүлүп, жакшы жыйынтык катары көрсөтүлүп жатканы менен бул чоң жетишкендик эмес. Бул – бир эле тепкич. Негизи эле бийликтин азыркы жасап жаткан иш-аракеттери эки-үч жылда жемишин берет. Ушул темпте эле жүрө берсе, мындан да өркүндөтүп турса – жакшы. Экономикага, калктын жашоо-турмушуна, билим деңгээлине, ден соолугуна жакшы көңүл бурулушу керек. Бийликтин азыркы жасап жаткан ишин көрүп жатабыз. Инфляция болуп жатса деле айлыктарды көтөрүп жатышат. Ошону менен кичине болсо да, жардам берип жатышат. Адам ресурстарына деле кичине көңүл буруп жаткандай. «Сапаттуу адистерди даярдоо керек» деген түшүнүк пайда болуп калды. Адамдардын потенциалы жогору болуп турса, экономиканы жылдырабыз. Экономиканын көтөрүлүшү жашоо-шартты, медицинаны, билим деңгээлди көтөрүүгө жардам берет».

2022-жылы Кыргызстанда жашоо узактыгы жарым жылга өйдөлөп, 70,5 жаш болгон. Жарандардын жан башына тийген улуттук дүң кирешенин көлөмү 4 миң 782 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 240 долларга көбөйгөн.

Билим берүү маселелери боюнча адис Мырза Каримов дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын бир тепкичке көтөрүлгөнүн чоң жылыш деп эсептебейт.

Ал өлкөдө билим берүү деңгээли көтөрүлбөгөнүн белгилеп, мектептерде мугалим жетишсиздиги бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканын айтат. Мындан тышкары мектептерде, университеттерде билим сапатына жетиштүү көңүл бурулбай жатканын кошумчалады.

«Кичинекей жылыш болсо да, бир аз жылдык. Бул көрсөткүч бир пайызга да жетпейт. Бирок жылганы менен билим берүүнүн деңгээли көтөрүлдү дегенден алысмын. Бир-эки жылдан бери мугалимдердин жетишсиздиги бир аз азайды. Билим берүү министрлигинин акыркы маалыматы боюнча 333 мугалим жетишсиз экен. Бул канчалык деңгээлде чын же калп экенин айта албайм. Үч-төрт жыл мурун мектептерде мугалим жетишсиздиги 1700гө чейин болуп кеткен. Менин тынчымды алган – билим берүүнүн сапаты».

Адамдык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүү индексинде үч негизги көрсөткүч бар: жаш курактын узактыгы, өлкө калкынын сабаты жана жашоо-шарты.

Саясат талдоочу Эмил Жороев адам өнүгүү индекси бир топ көрсөткүчтөрдөн топтолгон курама индекс экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул чоң секирик эмес, болгону башка категорияга же аталышка которулган болушу мүмкүн.

«Адам өнүгүү индекси деген бир топ көрсөткүчтөрдөн топтолгон курама индекс болот. Ошолорго карасак, мен бир чоң секирикти байкаган жокмун. Мен жалпы санды көрдүм. Эдил Байсалов мырзанын «орто» өнүккөн мамлекеттердин катарынан «жогорку» өнүккөн мамлекеттерге кошулуп калдык» дегени – бир аталышка же категорияга которулган болушубуз мүмкүн. Жалпысынан бул – кичинекей эле өзгөрүү болушу мүмкүн».

Дүйнөлүк рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 67-орунда, Түркмөнстан 94-орунда, Өзбекстан 106-орунда жана Тажикстан 126-орунда турат.

Адамдык өнүгүү индексинде эң жогорку баскычтарда Швейцария, Норвегия жана Исландия турат. Өтө начар өлкөлөр деп Сомали, Түштүк Судан жана Борбордук Африка белгиленген.

Адамдык өнүгүү индексин пакистандык Махбуб-уль-Хак башында турган экономисттер тобу иштеп чыккан. Аны Бириккен Улуттар уюму көзөмөлдөйт.

Exit mobile version